Коом
Быйыл Орозо 23-мартта башталышы мүмкүнбү?
Элита плюс
Январь 29, 2023 г.
Быйыл Орозо 23-мартта башталышы мүмкүнбү?
© Элита плюс
Быйыл Орозо айы 23-мартта башталышы мүмкүн.
Казакстан менен Азербайжандын муфтияты Рамазан айынын так күнүн аташты. Ага ылайык, орозо 23-мартта башталып, Айт 21 же 22-апрелге туш келет.
Демек, Кыргызстанда дагы орозо ушул күнү башталышы мүмкүн. Адатта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бир аз калганда Айга карап, анан маалымат берет. Анда бир күнгө айырма болуп калышы ыктымал.
Муфтияттын маалымат кызматы азырынча орозонун күнү белгисиз экенин, такталары менен жооп берүүнү убадалады.