Коом
Быйыл Кыргызстандан сыртка 303 млн. доллар которулган
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Быйыл Кыргызстандан сыртка 303 млн. доллар которулган
© Элита плюс

Быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстандан сыртка 302,9 миллион 740 доллар которуу жолу менен чыгып кеткен. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Кеп жеке тараптар атайын системалар аркылуу которулган каражат жөнүндө болуп жатат.

Өткөн жылдын январь-август айларында дээрлик 336 миллион доллар сыртка чыккан.

 

Бул жылы эң көп которуу июнь айында болсо (49,9 миллион доллар), эң азы апрель айына (17,7 миллион доллар) туура келген.