Коом
Быйыл курулуш иштерине 378 лицензия таризделди
Элита плюс
Сентябрь 11, 2020 г.
Быйыл курулуш иштерине 378 лицензия таризделди
© Элита плюс

2020-жылдын 8 айынын ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан өлкө аймагында курулуш ишин жүргүзүүгө 378 лицензия таризделген. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарына – 205, Чүй облусуна – 30, Талас облусуна – 8, Ысык-Көл облусуна – 10, Ош облусуна – 96, Баткен облусуна – 5, Жалал-Абад облусуна – 21, Нарын облусуна – 3 лицензия берилди. Лицензиялардын жалпы санынан, 374 лицензия Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына жана 4 жеке ишкерлерге берилген. Белгилей кетсек, биринчи жолу 277 уюм лицензиясын алган, ал эми 4 уюмдун лицензиясы “Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан таанылган лицензиялардын реестрине” киргизилген. Отчеттук мезгилдин ичинде бардыгы болуп лицензия алуу боюнча 385 арыз кабыл алынган.