Коом
Быйыл "Кепилдик фонду" 446 млн сомго дээрлик 1,1 миң кепилдик берген
Элита плюс
Сентябрь 07, 2020 г.
Быйыл "Кепилдик фонду" 446 млн сомго дээрлик 1,1 миң кепилдик берген
© Элита плюс

 Быйыл сегиз айда "Кепилдик фонду" тарабынан 446 млн сомго дээрлик 1,1 миң кепилдик берилди. Бул тууралуу "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди. Анын айтымында, былтыр фонд тарабынан 946 кепилдик берилсе, бүгүнкү күнгө карата 1 миң 83 кепилдик берилди. Фонд түзүлгөн убактан бери 2 млрд 142 млн сомго жалпы 2 миң 700 кепилдик берилген. Ал эми кепилдиктер алдында берилген насыялардын көлөмү 7 млрд 600 млн сомдон ашкан.