Коом
Быйыл бюджетке канча каражат түштү?
Элита плюс
Август 20, 2020 г.
Быйыл бюджетке канча каражат түштү?
© Элита плюс

Борбордук казыналыктын алдын ала маалыматы боюнча быйыл жети айда бюджетке 76,3 млрд сом киреше түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, белгиленген план 89,6%га аткарылып, бюджетке 8,9 млрд сом киреше түшпөй калган. 2019-жылдын ушул эле мезгилине караганда киреше 10,1%га аз түшкөн. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 39,9 млрд сом салык чогултулган. Белгиленген план 89,7%га аткарылып, бюджетке 4,6 млрд сом түшпөй калган. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 13,4 млрд сом бажы төлөм жана салык чогултулган. План 61,8%га аткарылып, бюджетке 8,3 млрд сом түшпөй калган. Былтыркы жылга караганда бажы төлөмдөрү менен салык 38,4%га аз чогултулган.