Коом
Быйыл аралыктан окуй турган класстар үчүн 3 миңден ашык телесабактар тартылды
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Быйыл аралыктан окуй турган класстар үчүн 3 миңден ашык телесабактар тартылды
© Элита плюс

Быйыл аралыктан окуй турган класстар үчүн 3 миңден ашык телесабактар тартылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады. Ага ылайык,келе жаткан окуу жылына карата мерчемделген видеосабактардын жалпы саны жети миңден ашат. Эгерде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшырып, мектеп окуучулары билим берүүнүн салттуу түрүнө өтсө, анда бул материалдар кошумча ресурс катары колдонулат. Жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары кадимкидей, күн сайын мектепке барып билим алат. Мындан улам борбордогу көптөгөн мектептер даярдык көрүүдө. Ар бир класста санитардык бурч орнотулуп, күн сайын класстык бөлмөлөргө кам көрүлүп турат. Мунун бары балдар менен мугалимдин коопсуздугу үчүн жасалып жаткан иш-чаралар. Мектепке келген балдардын дене табы күн сайын өлчөнүп турат. Өлкөдөгү абал жакшырганга чейин экинчи класстан баштап он биринчи класстардын окуучуларын аралыктан окутуу мерчемделип жатат. Алар үчүн азыркы тапта биринчи чейректин телесабактары тартылууда. “Баластан” балдар телеканалы башталгыч класстын окуучулары үчүн 500гө жакын теле сабактарды тартты. Учурда бул жерде тартылган тасмалардын башын бириктирип, монтаждоо иштери жүрүп жатат. Аталган каналдын режиссёрунун айтымында, теле сабактарды тартуу иштери 1-сентябрга чейин бүткөрүлөт. Аралыктан окутуу көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Эгерде балдардын бири башталгыч класста, экинчиси жогорку класста окуса, анда эки башка телеканалдан бир эле учурда көрүүгө туура келет. Билим берүү министрлигинен билдиргендей, мындай үй-бүлөлөргө сыналгы берүү маселеси жергиликтүү бийлик тарабынан чечилүүдө.  Министрликтен билдиргендей, окуу жылдагыдай эле 1-сентябрда башталат. Эгер өлкөдөгү эпидкырдаал өзгөрсө, анда окутуу тартиби дагы ошол ыргакка жараша өзгөрөт.