Коом
240 адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
240 адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган
© Элита плюс

2020-жылдын 8 айында 240 адам мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Быйыл январь-август айында чек арачылар 4 даана курал-жарак жана сексенден ашуун ок-дары, ошондой эле кызмат өтөө учурунда курал-жарак катылган жай табышкан. 40 млн сомдон ашуун болгон аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюлган.

Сегиз ай ичинде 5 млн 390 миңден ашык адам жана 500 миңден ашуун машина көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн. Туура эмес документтери менен 1 082 адам кармалган.

Алсак, “Чоң-Капка-автожол” көзөмөл жайынан Кыргызстандан чыгып бара жатканда Казакстандын эки жараны туура эмес документтери менен кармалышкан. Текшерүүдөн өткөрүү учурунда алардын жанынан 3 миллион сом табылып, алар кайдан алынганын түшүндүрүп бере алышкан эмес.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде  Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Өзбекстанга 13 тоннадан ашык цементти мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.