Дүйнөдө
БУУ: Жаратылышты коргоого жана сактоого чакырды
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
БУУ: Жаратылышты коргоого жана сактоого чакырды
© Элита плюс

Планетадагы жаратылышка аяр мамиле жасалбаса, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн миллиондон ашык түрү жок болуу коркунучунда турат. Бул тууралуу БУУнун "Дүйнөлүк биологиялык ар түрдүүлүккө көз караш” баядамасында жарыяланды. Планетанын биологиялык ар түрдүүлүгү саат сайын төмөндөп жатат. Ал эми жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн миллиондон ашык түрү жакынкы келечекте жок болуу коркунучунда. Ошол эле учурда коронавирус пандемиясы сыяктуу биологиялык коркунучтарга туш болгон маалда адамдардын өздөрү коргоого муктаж. Баяндаманын авторлору, Дэвид Купер баштаган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө БУУнун конвенциясынын эксперттери, эгер адамзат ойлонуп, жаратылышка аяр мамиле кылганда мындай коркунучтар жок болот деген пикирде. Баяндамада акыркы тогуз жылда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча бекитилген стратегиялык пландардын жыйынтыгы жарыяланды. Бирок ага камтылган 20 кадамдын ичинен алтоо гана иш жүзүнө ашырылган. Бирок адистер бул иш-аракеттерди алдыда биргелешип улантуу натыйжа берээрин айтышат.

Эксперттер жаратылышты коргоого багытталган иш-аракеттердин жети артыкчылыгын аныкташты. Алар төмөнкүлөр:
- жерлерди жана токойлорду коргоо,
- дыйканчылыктагы өзгөрүүлөр,
- электр менен жабдуу тутумун өзгөртүү,
- деңиз экосистемаларын калыбына келтирүү,
- шаардык курулушта экологияны эске алуу,
- дарыяларды жана көлдөрдү тазалоо,
- климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү.

Бириккен улуттар уюму тез арада чара көрбөсө, планетанын биологиялык ар түрдүүлүгү алсырай берет. Баяндаманын авторлору ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн тийиштүү каражат керектигин билдирет. Учурда бул пландарды ишке ашыруу максатында 100 миллиард доллар каражат бөлүндү. Бирок дагы жүздөгөн миллиарддар талап кылынат дешет окумуштуулар.