Коом
БУУ партияларды эрежени сактоого чакырат
Элита плюс
Сентябрь 07, 2020 г.
БУУ партияларды эрежени сактоого чакырат
© Элита плюс

Бириккен Улуттук Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү партияларды коронавирустун жайылып кетишине жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды. Бул маанилүү жараяндын жүрүшүндө саясий партиялар шайлоочуларга жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүшөт. Расмий статистиканын маалыматтары боюнча коронавирус илдетинин жайылышы июлда өзүнүн туу чокусуна жеткен, азыркы учурга чейин илдет эч кандай жоголо элек. "Ошондуктан парламенттик шайлоолорго катышып жаткан саясий партияларды калк менен жолугушууларды уюштуруу мезгилинде Өкмөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган бардык зарыл болгон санитардык эрежелерди чараларды сактоого чакырат. Висрусту жуктуруудан улам калк арасында ден соолуктун начарлашы же өлүмгө учуроо көйгөйлөрүнө жол бербөө үчүн, калк менен болгон жолугушууларда жана жыйындарда COVID-19 илдетинин жайылып кетүү тобокелдигине жол бербөөнү камсыз кылуу - саясий партиялардын милдети болуп саналат” деп айтылат маалыматта.