Дүйнөдө
БУУ: Балдарга бет кап такпай эле коюуну сунуштады
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
БУУ: Балдарга бет кап такпай эле коюуну сунуштады
© Элита плюс

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) коронавирус пандемиясына байланыштуу беш жашка чейинки балдарга бет кап такпай эле коюуну сунуштады. Бул тууралуу эл аралык уюмдарга таянуу менен РИА Новости жазды. "Беш жаштагы жана андан кичинекей балдардан бет кап кийишин талап кылбаган оң. Бул баланын коопсуздугуна жана жалпы кызыкчылыктарына, ошондой эле масканы колдонуу мүмкүнчүлүгүнө негизделген", — деп айтылат маалыматта. Ал эми 6 жаштан 11 жашка чейинки балдарга бат кап тагууда ДССУ менен ЮНИСЕФтин бир катар сунуштарын эске алуу керек. Буга бала жашаган жерде вирустун жайылуу деңгээли, баланын масканы коопсуз жана туура колдонуу жөндөмү, чоң кишилердин тийиштүү көзөмөлү, масканын окууга жана психосоциалдык өнүгүүгө тийгизген таасири жана башкалар кирет. Ал эми 12 жаштагы жана андан улуулар чоң кишилер сыяктуу эле бет кап тагынып, санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого тийиш экендиги кошумчаланды.