Маданият
Будапештеги сейил бакка Чыңгыз Айматовдун аты берилди
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Будапештеги сейил бакка Чыңгыз Айматовдун аты берилди
© Элита плюс

Венгриянын борбор калаасы Будапештеги сейил бакка Чыңгыз Айматовдун аты берилди. Сейил бакка кыргыз жазуучусунун ысымын ыйгаруу салтанаты Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга иш сапары учурунда болду. Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгы тууралуу айтып, венгер окурмандарынын сүйүктүү жазуучусунун атын алып жүргөн жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Чынгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулган. Айтматов Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланган.