Парламент
БШКга планшеттер берилди
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
БШКга планшеттер берилди
© Элита плюс

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Борбордук шайлоо комиссиясына 2 550 планшет берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.Техникалык жардам Япония өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан “2020-2021-жылдары Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо” боюнча БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында алынган. “Шайлоону уюштурууда жана добуш берген күнү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү планшеттердин жардамы менен талаш жараткан процедуралык маселелер боюнча БШКга кайрыла алышат. Ошондой эле укук бузуулар тууралуу ыкчам маалымдап турушат. БШК мүчөлөрүнүн планшеттерди пайдалануусу шайлоонун жүрүшүндө ар кандай мүчүлүштѳрдү болтурбоого өбөлгө болот”, — деп айтылат маалыматта.