Парламент
БШК: Шайлоого катышуудан баш тарткан партиялардын тизмеси
Элита плюс
Август 21, 2020 г.
БШК: Шайлоого катышуудан баш тарткан партиялардын тизмеси
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин алгач 44 партия билдирген.  Алардын жыйырма экиси БШК белгилеген убакытка чейин курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин бекитти.

Ал эми 21-августка карата 19 партия шайлоого баруудан баш тартты.  Он бир партия шайлоого катышпай турганын Боршайкомго оозеки, ал эми 8 партия жазуу түрүндө маалымдаган.

Шайлоого катышуудан баш тартканын жазуу түрүндө билдирген партиялар:

1. «Бирик»;

2. «Бийлик элге»;

3. «Кыргызстандын коммунисттер партиясы»;

4. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»;

5. «Демократ»;

6. «Эмгек партиясы»;

7. «Кыргызстандын элдик-демократтар партиясы»;

8. «Эл биримдиги»;

9. «Улуу-Журт».

Шайлоого катышуудан баш тартканын оозеки билдирген партиялар :

1. «Кыргызстандын жумушчулар партиясы»;

2. «Таза коом»;

3. «Ар-Намыс»;

4. «Эл үнү»;

5. «Ак калпак»,

6. «Элдик көзөмөл»,

7. «КУТ»,

8. «Өнүгүү Кыргызстан»,

9. «Улуу Кыргызстан»

10. Кыргызстандын социал-демократтар партиясы.

Ал эми «Кыргызстандын патриоттору» партиясы курултай өткөрүп-өткөрбөгөнү белгисиз. «Жаратман эл» партиясы да берилген убакыт ичинде шайлоо фондун түзгөн эмес.