БШК парламенттик шайлоого катышкан партиялардын босого күрөөлөрүн азырынча карай элек. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, маселе мыйзамда босого курөөсүн кайтарып берүү каралган эмес жана буга чейин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу катталбагандыктан чечим шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кабыл алынышы керек.
"Биз сунушубузду депутаттардын кароосуна жөнөттүк. Сөз шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө болуп жатат. Буга чейин мындай болгон эмес. Ушундай түзөтүүнү киргизишсин", - деди ал.
Эскерте кетсек, саясий партиялар Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн 5 миллион сом күрөө төлөшөт. Шайлоо жарышына 16 саясий партия катышкан. Бардыгы болуп күрөөгө 80 миллион акча чогултулган. Бирок жыйынтыгында шайлоо жараксыз деп табылды.