Парламент
БШК: Партиялар 384 млн 839 миң сом коротушкан
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
БШК: Партиялар 384 млн 839 миң сом коротушкан
© Элита плюс

Борбордук шайлоо комиссиясынын Финансы министрлигине берген маалыматына ылайык, шайлоого чейинки үгүт иштеринде саясий партиялар 384 млн 839 миң сом коротушкан.

Мунун ичинен теле берүү жана радио уктуруу жарнамалары үчүн 150.08 млн сом, басма сөз жана интернет-басылмалардагы жарнамалар үчүн 108.8 млн сом төлөнүп берилген.

Кошумчалай кетсек, шайлоо күрөөсүнө партиялар тарабынан 80 млн сом төгүлгөн.

Жыйынтыгында пайдаланылбаган каражаттардын суммасы 21.3 млн сомду түзгөн.