Коом
БШК: Айрым партиялар шайлоого катышпайт
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
БШК: Айрым партиялар шайлоого катышпайт
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга ниетин билдирген жети партия кайра баш тартты жана бир партия талаптарды аткарбаганы үчүн четтетилди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Белгилей кетсек, 8-августта шайлоого катышууга белсенгендердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү бүткөн. Анын натыйжасында БШКга 44 партиядан арыз түшкөн. Бирок "Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы", "Демократ", "Кыргызстан комунисттер партиясы", "Эмгек", "Бирик", "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы" жана "Бийлик элге" партиялары шайлоого катышуудан кайра баш тартканы тууралуу кабарлаган. Ал эми "Жаратман Эл" саясий партиясы белгиленген убакытта шайлоо фондун түзүү үчүн банктык эсеп ачпагандыктан талапкерликтен четтетилген. Ошондой эле БШК партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп бүтүшү керектигин эскертти. Бүгүнкү күндө сегиз партия съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмеси түзүлгөнүн маалымдады. Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.