Саясат
Британия Жээнбековдун аракетин колдойт
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
Британия Жээнбековдун аракетин колдойт
© Элита плюс

Британ өкмөтү бүгүн, 14-октябрь күнү Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал боюнча билдирүү жасады.

“Кыргызстандагы демократиялык процесстерди колдоо жана мыйзамдуулук эки тараптуу кызматташуунун негизи. Көптөгөн жылдардан бери Кыргызстан активдүү жарандык коому, демократиялык шайлоолору жана сөз эркиндиги менен аймакта өзгөчөлөнүп келген. Ага карабай, 4-октябрдагы шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнү нааразылык менен коштолду. Шайлоо жыйынтыгына нааразылыктын курчушу Кыргызстанда мыйзамды сактоо зарылчылыгын көрсөттү”, - деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары Британ өкмөтү президент Сооронбай Жээнбековдун, легитимдүү бийликтин жана жарандык коомдун кырдаалды демократиялык жол менен чечүү аракетин колдой турганын, бул алга жылуунун бекем пайдубалы болорун белгилеген.

Ошондой эле шайлоо жаранядары боюнча чечим да Кыргызстандын Баш мыйзамсына ылайык жүргүзүлүүсү керек деп жазылганю
Британ өкмөтү Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын тынч жол менен чечилиши тууралуу БУУнун Баш катчысынын билдирүүсүн кубаттап, бийликтин маселе чечүүдө БУУнун жана ЕККУнун эксперттери менен кызматташуусун колдоого аларын билдирген.