Дүйнөдө
Бразилияда коронавируска каршы күрөш уланууда
Элита плюс
Июнь 24, 2020 г.
Бразилияда коронавируска каршы күрөш уланууда
© Элита плюс

Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында, шейшемби күнү Кызыл Крест Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы негизги дүң соода базарын залалсыздандырды. Кызыл Кресттин мүчөлөрү саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте базарда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, жумушчулардын, келген кардарлардын дене табын жана кан басымын текшерди. Аларды жеке гигиеналык нормаларды сактоого жана зыянсыздандыруучу каражаттарды колдонууга чакырды. Кызыл Крест базар адмнистрациясы менен биргеликте бул айда экинчи ирет дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Рио-де-Жанейродо коронавируска чалдыккандардын саны 97,500дөн ашуун, анын ичинен 9000 ге жакыны каза болгон.
Эскерте кетсек, Бразилия дүйнөдө каза болгондордун саны боюнча АКШдан кийинки экинчи өлкө.