Дүйнөдө
Бразилияда 1 млндон ашуун адам коронавирус менен ооруп жатат
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
Бразилияда 1 млндон ашуун адам коронавирус менен ооруп жатат
© Элита плюс

Бразилияда таажывирусун жуктургандардын саны 1 млн 32 миң 913 адамга жетти. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматтарга караганда,  Бразилияда илдеттен 551 миң 631 адам айыкты. Каза болгондордун саны 48 миң 954 жаранга жеткен. Коронавирусту АКШда − 2 млн 222 миң 576 киши, Россияда − 576 миң 162, Индияда − 395 миң 48, Улуу Британияда − 303 миң 285, Испанияда − 245 миң 575, Перуда − 244 миң 388, Италияда − 238 миң 159, Чилиде − 231 миң 393, Иранда − 200 миң 262, Францияда − 196 миң 83 адам жуктурган. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 8 млн 675 миң 365 адамга жетти. Коронавирусту жуктургандардын ичинен 4 млн 258 миң 758 адам айыкса, 460 миң 256 киши каза болду.