Саясат
Боронов Жалал-Абад облусуна барат
Элита плюс
Сентябрь 11, 2020 г.
Боронов Жалал-Абад облусуна барат
© Элита плюс

Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.