Саясат
Боронов: “Ыкчам жана сапаттуу санариптик тейлөө зарыл”
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Боронов: “Ыкчам жана сапаттуу санариптик тейлөө зарыл”
© Элита плюс

Коронавирустук инфекция пандемиясынын учурунда жарандар үчүн мамлекеттик тейлөө кызматын ыкчам жана сапаттуу санариптештирүү өзгөчө зарыл. Бул туурасында Премьер-министр Кубатбек Боронов «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун иштеши жана аны санариптештирүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү маселесин иштеп чыгуу жана аны менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйында белгиленгендей, «Түндүк» тутумуна бардык мамлекеттик органдар кошулган. Быйыл мамлекеттик органдар аралык маалымат алмашуу 39 млн транзакцияга жеткен, ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар ортосундагы маалымат алмашуу 45 млн транзакциядан ашкан. 50 мамлекеттик орган тутумду активдүү пайдаланат. Тутумга кошулуу тууралуу арыздар коммерциялык уюмдардан да көп келип түшүүдө. Быйыл мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталы (https://portal.tunduk.kg) модернизацияланган, ал алдыңкы эл аралык тажрыйбага таянат. Жаран жеке кабинети аркылуу порталга кошулган мамлекеттик органдардан каалаган маалымдаманы ала алат. Бүгүнкү күндө порталда 51 мамлекетик тейлөө ишке ашырылган. Буга катар иштеп чыгууну талап кылган бир катар маселелер дагы бар. Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга, бир катар тапшырмаларды, анын ичинде укуктук-ченемдик актыларды талапка ылайык келтирүү, документтерди санариптештирүү боюнча ишти ыкчамдатуу жана телемедицинаны өнүктүрүү тапшырмаларын берди.