Саясат
Боронов: "Партиялар санитардык талаптарды сактоосу керек"
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Боронов: "Партиялар санитардык талаптарды сактоосу керек"
© Элита плюс

Саясий партиялар өз жоопкерчилигин түшүнүп, үгүт кампаниясы мезгилинде беткап тагынуу режиминин жана башка санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Акыркы учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканы боюнча айтылууда. Беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сындуу санитардык эрежелерди эске албоону жоопкерчиликсиздик катары караса болот», – деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга саясий партиялардын штабдары менен биргеликте белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу кошумча иштерди жүргүзүүнү, ошондой эле 50 ашуун адамдын катышуусунда иш-чараларды уюштурууга чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөөнү күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү COVID-19 байланыштуу түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаал жана Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.