Саясат
Боронов кыш мезгилине карата үзгүлтүксүз даяр болууна тапшырды
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Боронов кыш мезгилине карата үзгүлтүксүз даяр болууна тапшырды
© Элита плюс
Боронов кыш мезгилине карата үзгүлтүксүз даяр болууна тапшырды
© Элита плюс
Боронов кыш мезгилине карата үзгүлтүксүз даяр болууна тапшырды
© Элита плюс

Күз-кыш мезгилинде калк жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз болуусу шарт. Тийиштүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов калктын жана экономика тармагынын алдыдагы 2020-2021-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинде билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, COVID-19 пандемиясы жарандардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине белгилүү түзөтүүлөрдү киргизди.

«Коронавирустук инфекцияга каршы күрөш улантылып жаткандыгына карабастан, күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык сапаттуу жана өз учурунда жүргүзүлүүсү тийиш. Бул жыл вируска байланыштуу абалды эске алуу менен өлкө үчүн жооптуу болот. Быйылкы жылы адистердин божомолу боюнча, республикада суунун аз болушу күтүлүүдө, ал бир нече жылга созулушу ыктымал. Алсак, келерки жылы суу мындан да аз болушу мүмкүн. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан аз. Бул жергиликтүү жана ташылып келинген көмүрдүн, мазут жана газдын тийиштүү көлөмүн камсыздап алуу керектигинен кабар берет. Бардык факторлорду эске алуу менен, калкты жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз кылуу боюнча ар бир маселе боюнча тыкыр даярдык көрүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин киреше бөлүгүндөгү чыгымдарга карабастан, жылытуу мезгилине карата даярдыктарды каржылоо маселесин ыкчам тартипте чечүүсү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар электр эңнергиясынын альтернативдик булактарын карап чыгуусу жана электр энергиясын пайдалануунун белгиленген лимитин тыкыр сактоосу керек», – деди Кубатбек Боронов.