Саясат
Боронов "Ак-Жол - автожол" көзөмөл-өткөрмө жайына барды
Элита плюс
Август 28, 2020 г.
Боронов "Ак-Жол - автожол" көзөмөл-өткөрмө жайына барды
© Элита плюс

Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, аны реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайында курулуп жактан имаратты жана реконструкцияланып жаткан инфраструктурасын көрүп чыкты.

«Көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын модернизациялоо, заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздоо каралган. Бул өз кезегинде «Ак-Жол - автожолдун» жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жарандардын өтүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздайт», - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстанды Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги көзөмөл-өткөрмө жайларын модернизациялоо жана реконструкциялоо экспортко чыгуучу ата мекендик ишканаларды колдоого жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды. Анткени өлкөгө келип жактан туристтердин Кыргызстан тууралуу таасирлери ушул чек арадагы өткөрмө жайларынан калыптанат.

Ошондуктан реконструкциялоодо тышкы көрүнүшүнө да көңүл буруу керек. Ошол эле учурда модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш», - деди Өкмөт башчы.

«Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иши 2020-жылдын март айында башталган. Жаңылоо иштерин 2020-жылдын декабрь айында аяктоо пландалды. Модернизациялоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Буга чейин «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамга жана 800-1000 унаа каражаттарына чейин болчу. Модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөт.