Коом
Борборго дагы 5 көпүрө салынат
Элита плюс
Сентябрь 16, 2020 г.
Борборго дагы 5 көпүрө салынат
© Элита плюс

Кытай грантынын алкагында Бишкектин 60 көчөсү оңдолот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

15-сентябрда Бишкектин курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын директору Ма Жикианг, Кыргызстандагы China Road & Bridges Corporation корпорациясынын долбоор менеджери Чжан Синь жана техникалык менеджер Зияд Аль Сераван менен жолукту.

Анда кытай грантынын экинчи фазасы боюнча «Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун баштоо талкууланып, кытай компаниясы жана капиталдык курулуш башкармалыгынын ортосундагы контракттык келишимге түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыт ичинде Бишкекте 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырым 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип, кайрадан курулат, ошондой эле тротуар жана ирригациялык түйүндөр салынат. Оңдоо иштери Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы калаанын 60 көчөсүндө оңдоо жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялап, жыйынтыгында Сhina Road and Bridge Corporation аткаруучу компаниясы аныкталган.

Кытай компаниясы Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун биринчи фазасынын алкагында 95 чакырым жолду, 7 көпүрөнү куруп, 23 көчөнүн жол катмарын калыбына келтирген.