Коом
Борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
Борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө
© Элита плюс

Борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө. Шаардык мэриядан билдиргендей, жакында эле Москва менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган бастырма алынып салынды. Ошондой эле Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Мурас-Ордо» жаңы конушунун №2271 тилкесинде жайгашкан турак үй түрттүрүлдү. Үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес. Мындан тышкары алтынчы кичи районунун №10 үйүнүн жанына орнотулган тосмо алынды. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантып жатат.