"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Коом
Борбор калаада 17-майдан тарта ысык суу берүү өчүрүлөт
Элита плюс
Май 12, 2021 г.
Борбор калаада 17-майдан тарта ысык суу берүү өчүрүлөт
© Элита плюс

Бишкекте 17-майдан 17-июнга чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

"Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт!