Коом
Боом капчыгайын суу каптады
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Боом капчыгайын суу каптады
© Элита плюс

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын болжол менен 145-чакырымында кокту-колоттордон түшкөн жамгыр суулары жолду каптап, унаа өтүүгө кыйынчылык жаралган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине куткаруучу топ жана атайын техника тартылган. ӨКМден абал боюнча кошумча малымат бериле тургандыгын билдиришти.