Саясат
Бизнести колдоого багыт
Элита плюс
Июль 02, 2020 г.
Бизнести колдоого багыт
© Элита плюс

Кредит берүүнү жөнөкөйлөштүрүү – Өкмөттүн бизнести колдоого багытталган бирден-бир кадамы. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты. «Үстүбүздөгү жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго кредит берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 10,8 млрд сомго аз. Насыя берүү көлөмүнүн кыскарышына коронавирус инфекциясынын кесепеттери себеп болгон. Ошону менен бирге коммерциялык банктардан кредит алуу татаал. Бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Документтерди топтоп жүрүп карыз алуучунун каалоосу жоголот», - деди Боронов. Премьер-министр чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү каралган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы ишке киргизилгенин эске салды. «Биз бул программаны COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнеске жардам көрсөтүү үчүн бекиттик. Эл аралык финансы институттарынан, республикалык бюджеттен да каражаттар тартылууда. Жакында 1,3 млрд сомго аукцион өттү. Дагы бир аукцион өтөт. Ага мүмкүн болушунча көп коммерциялык банктар катышуусу зарыл», - деп баса белгиледи Премьер-министр.