Коом
"БишкекВторРесурс" мындан ары Октябрь районунан таштанды чыгарбайт
Элита плюс
Май 31, 2023 г.
"БишкекВторРесурс" мындан ары Октябрь районунан таштанды чыгарбайт
© Элита плюс
"БишкекВторРесурс" мындан ары Октябрь районунан таштанды чыгарбайт
© Элита плюс

"БишкекВторРесурс" ЖЧКсы мындан ары таштанды чыгаруу боюнча Октябрь районун тейлебейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим таштандылар чыгарылбай жаткандыгы боюнча тургундардан түшкөн көптөгөн арыздарга байланыштуу кабыл алынды. Октябрь районундагы таштанды чыгаруу функциясы "Тазалык" муниципалдык ишканасына өтөт.

Мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев башында турган комиссия Октябрь районун текшерүү үчүн жерине барган. Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия өкүлдөрү "БишкекВторРесурс" ишканасынын ишти начар алып барып жаткандыгына күбө болгон. Шамыралиев район акимине аталган ишкана менен таштанды чыгаруу кызматын көрсөтүү боюнча келишимди бузууну тапшырды.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан аталган ишканага карата 20 акт түзүлгөн. «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы «Тазалык» МИ жана «Бишкек санитардык полигону» МИнин алдындагы милдеттенмелерин аткарган жок, бул кредитордук карызга алып келген.

"Тазалык" ишканасына бардык таштанды жайларын инвентаризациялоо жана келтирилген материалдык чыгымды көрсөтүү тапшырылды.