Коом
Бишкектин мэри болуп Алмаз Бакетаев дайындалды
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Билдирүүдө айтылгандай, Бакетаев вице-мэрлер, убактылуу аппарат жетекчилер жана райондук акимиаттардын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү. "Шаардын тынч жашоосун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын андан аркы алгоритмин талкууладык", - деп айтылат маалыматта.