Коом
Бишкектин комендатурасы коомдук иш-чараларга тыюу салды
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
Бишкектин комендатурасы коомдук иш-чараларга тыюу салды
© Элита плюс

Бишкек шаарынын комендатурасы жолугушуу, митинг, көчө жүрүштөрү жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салды.

Комендатуранын маалыматына караганда, алкоголдук ичимдиктерди саат 18:00дөн 09:00гө чейин сатууга тыюу салынат. Эгерде аудио жана видео жабдууларын кырдаалды курчутуу үчүн колдонулса, анда ага да тыюу салынат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн эртең мененки саат 05:00гө чейин уланары айтылган.