Коом
Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт
© Элита плюс

Эскертүү! Бишкектин айрым райондорунда 22-23-сентябрь күндөрү таза суу убактылуу өчүрүлөт. Мындай иш-чаралар кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жүргүзүлүп жатат. Тагыраагы, Калыс-Ордо менен Мурас-Ордо жана шардык суу түтүктөрү оңдолот. Ага ылайык, 22-сентябрда саат 9:00дөн 17: 00гө чейин Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында суу болбойт. 23-сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Дэн Сяопин, Профсоюзный, Патрис Лумумба, Кустанайский көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт. Анын ичинде Дэн Сяопин 306/1 дарегиндеги «Алматы таттулары» ишканасында, Дэн Сяопин 306 дарегиндеги “Курулуш короосунда”, «Давут» дүкөнүндө, «Алтын Тамыр», «Жапаралиев», «Акун» жана «КЭЧ-2» ишканаларында дагы таза суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт.