Коом
Бишкектин Уркуя Салиева көчөсүн жашылдандыруу башталды
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
Бишкектин Уркуя Салиева көчөсүн жашылдандыруу башталды
© Элита плюс
Бишкектин Уркуя Салиева көчөсүн жашылдандыруу башталды
© Элита плюс
Бишкектин Уркуя Салиева көчөсүн жашылдандыруу башталды
© Элита плюс

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Уркуя Салиева көчөсүн жашылдандырууга даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Салиева көчөсүнүн түштүк тарабы, Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү көрктөндүрүлөт. Жалпы узундугу 4 миң 200 чарчы метр жерге көк майсан себилип, бадалдар жана чоң жалбырактуу көчөттөр отургузулат. «Азыркы учурда жерди даярдоо иштери өткөрүлүп, топурак төмөндөтүлүп, таш жана таштандылар чыгарылууда. Жакында аталган көчөдө авариялык абалдагы бак-дарактарга санитардык бутоо иштери өткөрүлдү», - деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле жашыл аймакты сугаруу маселесин иштеп чыгып, бул үчүн 3 миң погондук метр ирригациялык арыктарды жана асбест түтүктөрү орнотулду. Аталган жерде арыктарды реконструкциялоо такыр жүргүзүлгөн эмес. Белгилей кетсек, бул сыяктуу жашылдандыруу иштери «Жал» кичи районунда Тыналиев көчөсүндө Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Бул жерге көк майсан себилип, көчөттөрдү отургузуу пландалууда.