Коом
Бишкектен Ташкентке автобус каттай баштады
Элита плюс
Март 15, 2023 г.
Бишкек-Ташкент (Кыргызстан — Өзбекстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу автобустар жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» ишканасы эске салат.
Автобустар күн сайын саат 16:50дө жана 19:00дө Батыш автобекетинен жөнөп кетет. Билеттин баасы 2 миң сом.