Коом
Бишкектеги мектептер ачылгандан бери коронавирус 8 окуучудан табылды
Элита плюс
Февраль 15, 2021 г.
Бишкектеги мектептер ачылгандан бери коронавирус 8 окуучудан табылды
© Элита плюс

Бишкектеги мектептерде салттуу режимдеги окутуу башталгандан бери 8 окуучудан жана 5 мугалимден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, коронавирус мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин арасынан аныкталгандан кийин маалымат Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жана мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгына жөнөтүлөт.

Вирус аныкталган класс 14 күнгө аралыктан окутуу режимине өткөрүлөт, эгер бир канча жуктуруу катталса, анда мектеп жабылат. Учурда борбордо COVID-19 инфекциясын жуктурган учурлар катталганына байланыштуу бир мектеп жабылды.