Коом
Бишкектеги базарларды дезинфекциялоо жүрүп турат (тизме)
Элита плюс
Июнь 24, 2020 г.
Бишкектеги базарларды дезинфекциялоо жүрүп турат (тизме)
© Элита плюс

Бишкектеги базарларды дезинфекциялоонун графиги:

Дүйшөмбү күндөрү: «Дордой», «Дордой (унаа тетиктер)», «Мурас-спорт», «Жунхай-Дордой», «Форт (Оберон)», «Алкан базары», «Ак-Суу», «Кербен», «Евразия», «Алтын-Тоо», муниципалдык базар, «Делюкс», «Дордой-Спорт», Аламедин базары, «Алдаяр», курулуш базары, «Таш-Рабат 1 жана 2», «Техномаркет» жана «Эталон строй», Орто-Сай базары, «Сары-Өзөн».

Шейшемби күндөрү: «Ак-Эмир», «Үйгө Жарашык», «Ыйман», «Мега комфорт» жарманкеси, «Аалам», «Чолпон», «Шар-Чебер ТЭБ», «Көк Сай», «Арпа ЖЧК «КААР», «Айдин» кичи базары.

Шаршемби күндөрү: «Курама-Сан» («Чынар»), «Мадина», «Таалай».

Бейшемби күндөрү: «Бабакан» жана «Эдиз» («Улар»).

Жума күнү сайын: «Азиз» дүң-соода базарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Унаа тетиктерин сатуучу «Кудайберген» базарында дезинфекциялык тазалоо жумасына үч жолу өткөрүлөт – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү– эртең мененки саат 06.00дөн 10.00гө чейин.

«Ош-базары» жана «Дордой Дыйкан», «Боорукер» кичи-базары, «Элит-строй», «Жумушчу», «Баткен-комфорт», «Уста» курулуш базарлары ар дүйшөмбү сайын санитардык күнгө жабылат.