Коом
Бишкектеги 9 медициналык мекемеде оңдоо иштери жүргүзүлөт
Элита плюс
Август 04, 2020 г.
Бишкектеги 9 медициналык мекемеде оңдоо иштери жүргүзүлөт
© Элита плюс

Быйыл Бишкекте 9 медициналык мекемеде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, быйыл борбор калаада 9 медициналык мекемени оңдоо каралган. Алардын оңдоо иштери жай айынын аягына чейин бүтүшү керек болчу. Бирок COVID-19 пандемияга байланыштуу каражат кечиктирилип бөлүнгөн. Учурда Кургак учук менен күрөшүү шаардык борборунда оңдоо иштери аяктады. Учурда Ыкчам медицина борборунда, №1- №6- шаардык клиникалык ооруканаларында, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге сырттарын дагы жылуулап  жатышат. Ал эми башка саламаттык сактоо мекемелеринде түрдүү себептерге байланыштуу оңдоп-түздөө иштери баштала элек.