Коом
Бишкекте жол эрежесин бузгандар көп болууда
Элита плюс
Август 03, 2020 г.
Бишкекте жол эрежесин бузгандар көп болууда
© Элита плюс

Бишкек шаарында 26-июлдан 1-августка чейин 2 миң 876 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар: мас абалында унаа айдагандар - 46 айдоочу,  унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып айдагандар - 12 айдоочу жана айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар - 86 айдоочу болсо,  башка жол эреже бузуулар болгон. Айып аянтчасына 386 унаа коюлуп, анын 102си эвакуатор менен чыгарылган.