Президент
Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат
Элита плюс
Декабрь 09, 2022 г.
Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат
© Элита плюс

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунун алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин ар бирин — Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар курамдагы жыйыны өтүүчү залга өтүштү.