Коом
Бишкекте жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Бишкекте жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
© Элита плюс

Бишкекте жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү саат 19:10 чамасында Айтматов жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран ооруканага жеткирилген.

Ыкчам-иликтөө тобу камеранын жардамы менен Toyota Vitz унаасы экенин аныкташкан. Ал эми рулду 40 жаштагы Т.М. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Учурда айдоочу кармалып, унаа айып короосуна токтотулуп, чогулган материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилген.

Тергөө иштери жүрүүдө.