Коом
Бишкекте веложарыш өтөт
Элита плюс
Август 21, 2020 г.
Бишкекте веложарыш өтөт
© Элита плюс

Борбор калаада 30-августта ден-соолукту чыңдоого арналган веложарыш өтөт. Шаар мэриясынан билдиргендей жарыш "Адинай" жаңы паркынын түндүк тарабынан башталып, “Орто-Сай” айылына чейин уланат. Айланма жолдун узундугу 10 чакырымды түзөт. Жарышууда 1,5-2 метр аралык сакталып, велосипед тебүүчүлөрдү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үч унаасы жана бир тез жардам унаасы коштойт. Ошондой эле мэрия катышуучуларга атайын коргоочу шаймандарды, беткапты кийүүнү жана антисептиктерди алууну эскертет.