Коом
Бишкекте тойканалар 15-20 күнгө жабылат
Элита плюс
Ноябрь 05, 2020 г.
Бишкекте тойканалар 15-20 күнгө жабылат
© Элита плюс
Бишкекте тойканалар 15-20 күнгө жабылат
© Элита плюс

Бишкек шаарындагы тойканалар 15-20 күнгө жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев билдирди.

"Биз буга чейин жарандарга дагы, тойкана ээлерине дагы эскертүүлөрдү берип келдик. Алар уккан жок. Шаарды коркунучка алып келишүүдө. 3 миң сом айып пул төлөп коюп эле, кайра иштеп жатат. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Андыктан тойканаларды жабуу боюнча чечимди бүгүн кабыл алабыз. Ал эми кайсы датадан баштап жабылары эртең билинет. Тойканалар менен бирге санитардык эрежелерди сактабаган компьютердик клубдар жана түнкү клубдар жабылышы мүмкүн" , - деди Түлөбаев.