Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан атайын чоң масштабда профилактикалык иш-чара жүргүзүлдү. Рейд учурунда 1 миң 95 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы катталып, анын ичинен:
-документи жок унаа башкаруу – 56;
-мас абалында унаа башкаруу – 26;
-унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын күңүрттөп, караңгылатып айдоо – 3. Атайын айып унаа токтотуучу жайга 131 автоунаа киргизилген.
"Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында мындан ары даы профилактикалык, иш-чараларды жүргүзүп тураарын эскертип, жалпы айдоочуларга жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.