"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Спорт
Бишкекте өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү
Элита плюс
Декабрь 28, 2020 г.
Бишкекте өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү
© Элита плюс
Бишкекте өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү
© Элита плюс

Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 14, 16 жаш курагындагы 100 өспүрүм 11 салмак категориясында күч сынашты.

"Мелдештин ачылышына Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев, Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов катышты", - деп жазылат маалыматта.

Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы орунду алган балбандар:

Нурболот Бердикулов - 45 килограмм салмакта;

Раззак Бейшекеев - 60 килограмм салмакта;

Арсен Жекшенов - 65 килограмм салмакта;

Исмаил Гасанов - 92 килограмм салмакта.

Баяман Каримов - 65 килограмм салмакта;

Саид Сусуза - 71 килограмм салмакта.