Бишкек шаарында санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 2,5 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, 14-майдан тарта 23-июнга чейин шаарда көчмө топтор тарабынан 8 миң 899 объект текшерилген. Алардын жыйынтыгы боюнча 2 млн 528 миң 500 сомго эреже бузуулар боюнча 1 миң 176 протокол түзүлгөн.

“Менчик түрүнө карабай бардык ишкана жана уюмдардын жетекчилери санитардык эрежелерди жана талаптарды аткарышы керек”, - деди ал.

Ал талаптарды аткарбаган ишкана-мекемелердин иши убактылуу токтотуларын эскертип өттү.

Белгилей кетсек, учурда шаарда спорттук, мааракелик, майрамдык, массалык иш-чараларды өткөрүгө болбойт.