Коом
Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан имарат бузулду
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан имарат бузулду
© Элита плюс

Борбор калаадагы мыйзамсыз курулуп жаткан 4 кабаттуу имарат бузулду. Жер тилке Жоробаев аттуу жаранга 2 кабатка чейинки жеке турак жай куруу үчүн берилген. Бирок курулуш иштери уруксат берүүчү документтери жок башталып, 5 кабаттуу имарат деп пландалган. Мыйзамсыз курулуш иши жүрүп жаткандыгы боюнча ээсине эскертүү берилген. Бирок ага карабастан курулуш ишин токтоткон эмес. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыровдун айтымында, башкармалык сотко кайрылып, жыйынтыгында имаратты бузуу чечими чыккан.