Маданият
Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Кирүү акысыз
Элита плюс
Май 12, 2023 г.
Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Кирүү акысыз
© Элита плюс

Бишкекте Эл аралык музей күнүнө карата “Музейдеги түн” акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирет.

Акция 18-майда Улуттук тарых музейинде саат 17:00дөн 22:00гө чейин өткөрүлөт. Кирүү акысыз.

Беш миңден ашуун кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлгѳн бул акцияда бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулат.

Коноктор маданий мекемелердин, коомдук чыгармачыл фонддордун, эл аралык уюмдардын кызыктуу программаларына, таланттуу ѳнѳрпоздор менен чыгармачыл инсандардын жандуу концерттик программалары менен бирге, кызыктуу мастер-класстар, улуттук кийимдердин этно-модалары, индия, кытай, япон элдеринин, ошондой эле актерлордун аткаруусунда сценарийлешкен оюн-зоокторуна, Кыргызстандын кѳп улуттуу маданиятын даңазалаган казак, дунган, кавказ, ж.б. диаспоралардын ыр-күүлѳрүнѳ күбѳ боло алышат.