Коом
Бишкекте лицензиясыз алкоголь саткан дүкөндөр аныкталды
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Бишкекте лицензиясыз алкоголь саткан дүкөндөр аныкталды
© Элита плюс

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Шота Руставели көчөсүнөн сатууга тиешелүү лицензиясы жок спирт ичимдиктерин сатып жаткан 6 түйүндү (дүкөндү) аныкташкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ар кандай идиштеги жана аталыштагы 606 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып салынды.