Коом
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 6 жашар бала кулап кетти. Абалы канааттандыраарлык
Элита плюс
Апрель 02, 2021 г.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 6 жашар бала кулап кетти. Абалы канааттандыраарлык
© Элита плюс

Буга чейин Бишкекте 6 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен. Милиция  окуянын чоо-жайын билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-апрелде болжол менен саат 10:42 чамасында 102 кызматына көп кабаттуу үйдүн терезесинен бала кулап кетти деген маалымат келип түшкөн.

"Маалыматты тактоо үчүн айтылган дарекке Ленин РИИБинин кызматкерлери барганда 2015-жылы туулган бала көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан кулап кеткени аныкталган. Кызматкерлер "Тез жардам" кызматын чакырып, балага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң бала №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча бала үйдө жалгыз болгон. Дарыгерлердин айтымында, кулап кеткен баланын денесинде сыныктар жок. Учурда абалы туруктуу, дарылануусун улантууда. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Ленин РИИБинин маалымат кызматынан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 150-берене "коркунучта калтыруу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
 

Булак: Super.kg